super.kg logo

“Өлкөдөгү ири мүйүздүү малдын 92 пайызы идентификациядан өттү” дейт ветеринардык коопсуздук инспекциясынын директору

 

Өлкөдөгү ири мүйүздүү малдын 92 пайызы идентификациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов билдирди.

Ал ири мүйүздүү малды идентификациядан өткөрүү иши 2017-жылдын сентябрь айында толугу менен бүтө турганын маалымдады.

Анын айтымында, 2018-жылы жылкылар, 2019-жылы койлор идентификациядан өтсө, 2020-жылы толугу менен бүтөт. Жумаканов идентификация иши үч жылга кечиктирилип башталганын кошумчалады.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде малды идентификациядан өткөрбөгөн жарандар административдик жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда мыйзам кабыл алынса 2017-жылдан баштап жарандар жоопкерчиликке тартыла турганы жазылган. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 2020-жылы идентификация толугу менен бүтсө, 2017-жылы жоопкерчиликке тартылат деген жобо туура эмес экенин айтты. Карапайым эл кыйналып кала турганын билдирди. Жыйынтыгында мыйзам долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.06.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ 92% отту! Бул жон эле цифра. Мен билгенден нечендеген малдар отподу. Тагыраагы мал ээлери атайы откозушкон жок. Пайдасыз нерсе. Эптеп акча жасамай. 1 малга эле 70 сом кетет экен. Мисалы мен откозгон жокмун акчанын жоктугунан.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-20 11:27:58
19.06.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койсонор жалганынарды Тынардын саткан беттеринен алган окшойсунар кызарбайтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: