super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Өлкөнүн Президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин, көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары күчөтүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн жана коркунучтарын эске алуу менен, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: