super.kg logo

Португалия өрттөн 62 жаранын жоготту, 3 күн аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

Португалиянын Лейрия округунда 17-июнда чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Португалиянын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Хорке Гомеске таянып маалымдоодо.

Маалыматта айтылгандай, жабыркагандардын саны да 60ка чукул, алардын көпчүлүгү оор абалда. Азыркы тапта өрт толугу менен өчүрүлө элек. Абалды жөнгө салуу үчүн жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр, унаа жана аба техникалары иштеп жатат. Хорке Гомес каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы өзгөрүүсү мүмкүн экендигин билдирген.

"Жергиликтүү адистер өрттүн чыгышынын себебин бакка чагылгандын түшүүсү менен байланыштырууда. Аба ырайынын өтө ысык болуп жаткандыгы жалындын бат тарап кетүүсүнө алып келди. Лейрия округунан чыккан өрт Лиссабондон 150 чакырым аралыкта жайгашкан Педроган-Гранди калк жашаган аймагын каптаган. Бул аймакта жүргөн жарандар унаанын ичинде күйүп, иске ууланып каза болушкан", - деп жазылат маалыматта.

Өлкөнүн президенти Марселу Ребелу ди Соза кырсыкка байланыштуу 18-19-20-июнду аза күтүү күндөрү деп жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.06.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Португалия элине конул айтам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: