super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: "Текебаев камакта болсо да президенттикке ат салышат"

 

Учурда тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текекбаевдин президенттикке ат салышып жатканы боюнча "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйында түшүндүрмө беришүүдө. "Ата Мекенден" Жогорку Кеңешке депутат Аида Салянова Текебаев талапкерлигин өзүн-өзү жылдыруу аркылуу көрсөткөнүн белгиледи.

"Жазда "Ата Мекен" съезд өткөрүп, Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Текебаев макулдук берип, өзүн-өзү көрсөтүү чечимин кабыл алды. БШК аны расмий каттаганын жарыя кылды. Биринчи кадамдар ташталды. Мыйзамдын негизинде партия бардык аракеттерди көрөт. Талапкер адам камакта жатпай, башкалар сыяктуу эл менен жолугушуусу керек. Бирок азыр мындай шарт жок. Өмүрбек Текебаев камакта болсо да президенттикке катыша алат", - деди Салянова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: