super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" президенттикке Текебаевден башка талапкер чыгарбайт

 

"Ата Мекен" президенттикке Өмүрбек Текебаевден башка талапкер чыгарбайт". Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү маалымат жыйында журналисттердин "Текебаевдин талапкерлиги артка кайтарылса, башка талапкер чыгабы?" деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ошондой эле ал тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаев президенттикке негизги атаандаш болгондуктан бийлик аны шайлоого жеткирбөө аракетин көрүп жатканын айтып чыкты. Депутаттын пикиринде бийлик Текебаевдин президент болушунан коркуп жатат.

"Жадакалса мыйзамды түшүнбөгөн жарандарыбыз Текебаевге бийлик тарабынан саясий кысым болуп жатканын билип турушат. Бийлик Текебаевдин саясий эркин сындыруу, шайлоого жеткирбей айып тагуунун аракетин көрүп жатат. Эгерде ага шайлоого чейин айып тагылып, президенттикке катышпай калса, эл таза шайлоо өткөнүнө ишенбейт. Текебаев ак, анын кылмыш айыбы жок, бир гана сот айтмайынча, ал күнөөсүз. Бийлик Текебаевдин чыныгы лидер, чыныгы президент болорунан коркуп, ушул кадамга барып жатат", - дейт Шыкмаматов.

Ал эми депутат Аида Салянова БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын Текебаев боюнча айткандарын сынга алды. "Президенттик шайлоо тарыхый, тагдырды чече турган окуя. Мындай учурда саясий тирешүүлөр болот. БШКнын төрайымы айрым маалымат каражаттарына "Текебаев күнөөлүү болуп чыкса, талапкер катары каттоону артка кайтарууга шарт түзөт" деп комментарий берип жатат. БШК мыйзам чегинде иш алып барышы керек", - деди Салянова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: