Ошто журналисттерге медиация боюнча окуу өткөрүлүүдө

16-майда Ош шаарындагы “Медиация жана укуктук технологиялар
борбору” журналисттерге медиация темасы боюнча окутуу өткөрдү. Борбордун
жетекчисинин айтуусунда, коомдо медиаторлор жөнүндө түшүнүк аз болгондуктан, бул боюнча кеңири маалымат журналисттер аркылуу жарандарга жетиши керек.
Автор: Дастан Үмөтбай уулу
“Медиация – бейтарап, эч кимге жан тартпаган адамдын катышуусунда чыр-чатакты чечүүнүн альтернативдүү жолу. Биз азыр жашоочуларга бул тууралуу маалыматты таратуу аракетиндебиз. Интернетте да атайын баракчаларыбыз бар”,- дейт борбордун жетекчиси Гүлсина Кожоярова.
Айта кетсек, бул борбор 2010-жылы январь айында түзүлгөн, учурда 3 кызматкери бар. Күнүнө 10 адамды тийиштүү маалымат менен камсыз кыла алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

