super.kg logo

Жогорку Сот Чолпон Жакуповага коюлган өлкөдөн чыкпоо чечимин күчүндө калтырды

 

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын Октябрь райондук соту кабыл алган өлкөдөн чыкпоо чечимин аныктап берүү боюнча көзөмөл даттануусун канааттандырган жок. Бул туурасында бүгүн, 19-июнда Жогорку Соттун судьялары Нургүл Сатыбалдиева, Турсунгүл Чаргинова жана Дилбар Кулматова чыгарган чечимде белгилүү болду.

Судья Кулматова: “Чолпон Жакуповага Октябрь райондук соту тарабынан коюлган өлкөдөн чыкпоо чечими күчүндө калтырылат. Чечимди аныктап берүү боюнча жазган көзөмөл даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын. Бул чечим кайра даттанууга жатпайт”, - деген чечимди окуп берди.

Соттук отурумга катышкан Жакупованын жактоочусу Тимур Султанов кийинки кадамдары азырынча белгисиз экендигин, бул маселени экс-депутат менен кеңешип биргеликте кабыл алышарын SUPER.KG порталына маалымдады.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакуповага, журналисттер Дина Маслова менен Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: