Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы спайстын жарнамасы боюнча милиция иликтеп жатат

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалында жазылган акыл-эске терс таасир этүүчү заттын (спайс) жарнамасы боюнча милиция иликтөөнү баштады.
Бул туурасында SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.
“Биз бул колдонууга тыюу салынган спайстын жарнамасы жөнүндө интернеттеги маалымат каражаттарынан билдик. Ошол замат дароо аймактык милицияга тапшырма берилип иликтөө башталды. Ал эми үйдүн дубалына жазылган спайстын жарнамаларын да милиция кызматкерлери өчүрүп чыгышат”, - деди Оморов.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө синтетикалык баңгизатка үгүттөөгө, сатууга тыюу салынган. Ал үчүн мыйзамда үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
meniuk

19.06.2017. 17:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ишинерге ийгилик ИИМ издеп таап жазасын берсенер мен бул жакта кармалып жазасын алып жатат деген жанылыкты окуп кубанып калайын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.