super.kg logo

Түп районунда мурда соттолгон эки адам кайрадан баңгизаты менен кармалды

 

Түп районунда жергиликтүү жашоочулардын үйүнөн баңгизаты табылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баңгизаты менен Түп районунун Түп айылынын 54 жаштагы К.С. аттуу тургуну кармалды. Анын үйүнөн 10 грамм 350 миллиграмм марихуана табылган. Ал буга чейин баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

арандардын дагы бири Түп районунун Ичке-Суу айылынын 43 жаштагы Т.М. аттуу тургуну марихуана сактагандыгы үчүн кармалган. Ал буга чейин ээн баштык беренеси менен соттолгон. Кылмышка шектүү катары кармалган адамдардан жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынгандан кийин үйлөрүндө калтырылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: