super.kg logo

Ак-Талаа районунда жарым кылым мурун салынган көпүрө кооптуу абалда жабылды

 

Ак-Талаа районундагы Нарын дарыясынан өткөн көпүрө мындан 50 жыл мурун курулган. Ал райондун борбору менен Ак-Кыя, Куртка, Тоголок Молдо, Жогорку Май айылдарын байланыштырчу. "Акталчат-Казарман унаа жолундагы бул көпүрөнүн таяныч түркүкчөсү чөгүп, кооптуу абал жаралды. Буга байланыштуу көпүрөнүн эки жагы жабылып, каттам токтотулду", - деп маалымдады бүгүн, 19-июнда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин Патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Тилек Оторов.

Көпүрөнүн кооптуу абалда тургандыгын эске алып, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн облустук тиешелүү мекемелердин 9 мүчөсүнөн турган комиссия унаа жолдун эки тарабынан жабуу чечимин кабыл алдык. Учурда ПМ кызматкерлери көпүрөнүн эки башынан көз салып турушат. Ошондой эле жолдун эки тарабынан тең айдоочулар өтпөшү үчүн тосмолор коюлуп, шагыл-таштар төгүлүп жол толугу менен жабылды. Жүргүнчүлөр өз өмүрүн тобокелге салбастан, айланып өтүүчү Он-Арча-Жаңы-Талап, Баетов-Макмал унаа жолу аркылуу каттоосун сунуштайбыз”, - деди Оторов.

Ал эми жергиликтүүлөр жогорудагы унаа жолдор эски, таштак болгондуктан бир топ кыйынчылыктар жараларын айтышат. Куртка айылынын тургуну Марлес Апиловдун айтымында, акыркы эки апта аралыгында көпүрөнүн эки тирөөчү чөгүп, ошол жери 50 сантиметрдей ылдыйлап кеткен.

"Жергиликтүүлөр үчүн жолдун жабылгандыгы бир топ түйшүк жаратты. 1967-жылы курулган көпүрө 1981-жылы оңдоодон өткөн экен. Андан бери деле 35 жыл болду. Анын узундугу 141 метр. Тиешелүү тараптар көпүрөнү мүмкүн болушунча эрте калыбына келтирбесе ак-талаалыктарды жол түйшүгү жүдөтөт. Биздин аймакта эми гана күн жылып, талаа иштери жүрө баштаганда бул абал иштин солгундоосуна алып келет", - дейт Апилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.06.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ушуну жазап беришсе экен,Ак-Талаанын эли момун элда.
19.06.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх Атындан кагылайын акталаам. Жакында менда озуно барам!
21.06.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан түшүп калмайынча күтүп отура бербей,мурда эле жанына башка көпүрө салып башташ керек болчу да.жолду жаап койдуңар кудай билет эми качан ачаарыңарды,күйгүздүңөр,күйгүздүңөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: