super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ысык-Көлдө газ сатуучу жайдын өрттөнүп жатканын сүрөткө жана видеого тартты

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында өрт чыккан жерден милиция адамдарды 500 метр алыстыкта өткөрбөй жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге окурман билдирди.

Анын айтымында, кырсык болгон жерден 5 адамды "Тез жардам" кызматы алып кетти. "4 жүк ташыган унаа өрттөндү, асманга 24 жолу атылды, 200гө жакын унаа өтө албай турат", - дейт окурман.

ӨКМнын маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат 17:25те келип түшкөн. Өрт болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканы айтылган. Азырынча жабырлануучулар бар же жок экени тууралуу маалымат жоктугун, окуя тууралуу маалыматтар берилерин билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду





Ысык-Көлдө май куюучу жайда өрт чыкты

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
19.06.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман эле болсун аллахым сактай кор
19.06.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаровдордун заправкасы турбайбы,жаман эле болуптур
19.06.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сөгүнбөй тартса болбойт бекен?
21.06.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактай кор!Эми точно смартфон утат бул :-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: