super.kg logo

Ысык-Көлдө газ сатуучу жайдагы жарылуудан жабыркагандар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

 

Ананьево айылында газ сатуучу жайда болгон жарылуудан жабыркагандар алгач айылдагы дарыгерлер борборуна алып келинип, кийин Чолпон-Атадагы аймактык ооруканага жөнөтүлдү. Ооруканага 7 адам жаткырылды, 1 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал үйүнө кетти.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан дарыгерлер Чолпон-Ата шаарына жөнөтүлдү. Бейтаптар керектүү дары-дармектер менен камсыз болушту. Бул тууралуу 20-июнда Cаламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар:

1. 59 жаштагы Б.В. аттуу жарандын бети, колу-буту күйгөн. Денесинин 60 пайызы күйүк алган.

2. 61 жаштагы Б.А. аттуу жарандын башы, колу-буту, бети, моюну, денеси, курсагы күйүк алган. (90 пайыз)

3. 57 жаштагы А.Б. аттуу жарандын башы, колу-буту, бети, моюну, денеси, курсагы күйүк алган. (80 пайыз) Бейтап жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып жатат.

4. 46 жаштагы М.Н. аттуу жарандын башы, колу-буту, бети, моюну, денеси, курсагы күйүк алган (60 пайыз)

5. 38 жаштагы М.У. аттуу жарандын башы, колу-буту, бети, моюну, денеси, курсагы күйүк алган (80-90 пайыз)

Хирургия бөлүмүнө жаткырылгандар.

6. 29 жаштагы Ж.С. аттуу жарандын башы, бети, колу-буту, моюну, денеси, курсагы күйүк алган. (45 пайыз)

7. 25 жаштагы Б.К. аттуу жарандын башы, бети, колу-буту, моюну, курсагы, денеси, жалпы 45 пайызы күйүк алган.

Кечээ, 19-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы газ сатуучу жайда газ баллондор күйүп, өрттөн 8 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракаттарды алган. 2 адам (1 эркек киши жана анын 3-класстагы уулу) окуя болгон жерден каза болгон. 1 газовоз унаа, 2 портер, 1 жеңил унаа жана 500 даана газ баллон күйгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен жаракат алган адамдардын аты толук түрдө жазбайсыздар? Жана кылмышкерлердин аттарын дагы ушинтип кыскартып коёсуздар? Же мындай маалыматтарда жарандардын аттары сыр бойдон калып калат. Балким ушул жарандардын жакындары билбей жүргөн болсочу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: