super.kg logo

Түркмөн президенти абактагы миңден ашык адамга орозодогу кадыр түнгө карата мунапыс берди

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов орозо айындагы кадыр түн күнүнө карата миңден ашык абакта жаткандарга мунапыс ыйгарды.

Мындай маалымат Түркмөнстандын расмий маалымат булактарында жарыяланды.

Мамлекет башчы 16-июнда кол койгон жарлык менен бирге укук коргоо органдарынын жетекчилерине ырайым кылынган адамдарды тез арада үйлөрүнө жеткирүүнү тапшырды.

“Президент ошондой эле үйүнө кайткан адамдар ак эмгеги менен күнөөлөрүн жууп, өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышуусу үчүн облус жана шаар башчыларына аларды жумушка орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Байкоочулардын айтымдарында, абактан чыккан адамдар жумушка орношууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болушуп, полиция жана жергиликтүү бийлик тарабынан кысымдарга кабылышат.

“Prison policy initiative” уюмунун отчётуна ылайык, киши башына карата абактагылардын санынын көптүгү боюнча Түркмөнстан дүйнөнүн 170 өлкөсүнүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
20.06.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадыр тур качан болот
20.06.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
МААША АЛЛАХ чыныгы эл башы экен.
20.06.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадыр түн москвада 21 нен 22 сине караган тунү болот
20.06.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: