super.kg logo

Америкалык студент Түндүк Кореяда түрмөдөн чыккандан көп өтпөй каза болду

 

2016-жылы Түндүк Кореянын соту америкалык студент Отто Фредерик Уормбирди 15 жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылдын декабрында Кытайдан Түндүк Кореяга туристтик топ менен барган студентти кореялык сот мейманканада үгүт плакатын айрып, уурдоого аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Студент күнөөсүн моюнга алган.

Уормбир быйыл 13-июнда абактан бошотулган эле. Маалыматка таянсак, 22 жаштагы студент 1 жылдан ашык комада жаткан. Аны эркиндикке чыгарууга катышкан америкалык мурдагы дипломаты Билл Ричардсон: "Студентке АКШда тезинен медициналык жардам керек. Түндүк Корея соттолуучу эмне үчүн комага түшүп калганын түшүндүрүп берүүгө тийиш", - деп билдирген.

Маркумдун жакындарынын ырасташынча, Уормбир 19-июнда АКШнын Цинциннати шаарындагы ооруканадан көз жумду. Студентти Түндүк Кореяда мыкаачылык менен кыйнашканын айтып жатышат. Түндүк Корея тарап студент уйку чакыруучу дары ичкенден кийин абалы начарлап кеткенин билдирүүдө. Буга маркумдун жакындары ишенбей турганын жарыя кылышты.

АКШнын президентинин администрациясы студенттин өлүмүнө Түндүк Корея жоопкер экенин эскертти. Президент Дональд Трамп: "АКШ Түндүк Кореядагы режимдин ырайымсыздыгын дагы бир жолу сындайт", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
20.06.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Отельде илинип турган бир суротту алып кеткен учун олтуруп коюшту, ушунчалык мыкаачы болушабы.
20.06.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
плакатты жулуп алса,башка плакат илип койсо болбойбу
20.06.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Каалаган нерсесин алып кетип жаман уйрөнгөда
avtogrand түзөттү 2017-06-20 13:22:00
20.06.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир плакат учун башка элдин законунун иштегенин карагыла, а бизде болсо Адам олтуруп кетсе деле эркиндикте журо беришет.

Тундук Корея жооп берет бекен Эми кылган кылыгына?...
20.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
АКШ өздөрүнүн жаранына жакшы көңүл бурат..эми Түндүк Корея менен эсептешет..Бизде башка өлкө тургай өзүбүздүн өлкөбүздө өлтүрүп жатса да унчукпайт...Орусиянын элчилигинин машинасы сүзгөн жарандын иши эмне болду? Кимдир бирөөнү жазага тартыштыбы же дагы качырып оозубуз ачылган бойдон калдыбы?
20.06.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат Трамп мырза бир студенти учун конул буруптур. А биздикилерчи, тобу менен орттоп же бычактап кетсе да укмаксан кормоксон.
21.06.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген Тундук Корея,Кыргызстан эмес силерге закон законный иштейт))
21.06.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевди да эртен олот деп узатышты элего министирлер олбой эле журот
21.06.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD, Farhad.baku, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: