Ананьеводогу жарылуу техникалык коопсуздукту сактабагандыктан келип чыгышы ыктымал экендиги айтылды

Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жарылуунун себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Өнөр жай коопсуздугу жана тоо кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдулдаев билдирди.
"Түзүлгөн комиссия бүгүн өрттүн чыгышы, техникалык коопсуздуктун сакталышы сыяктуу иштерди аныктап чыгат. Адистер жарылуунун себеби коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болушу мүмкүн деп жатышат", - деп билдирди Абдулдаев.
Эске салсак, кечээ, 19-июнда окурман "Ананьево айылында жүк ташыган унаа жана май куюучу жай өрттөнүп жатат" деп кабарлаган. Кырсыктан 2 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.