Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголду

Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Ананьево айылындагы жарылуу боюнча Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 142, 236, 238-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмыш иштери эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, жарылуу коркунучу бар заттардын сакталышындагы эрежелерди бузуу жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынын негизинде ишке ашырылат. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 19-июнда Ананьево айылындагы жарылуудан 2 адам каза болуп 8 адам жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Болбосо дагы кайсыл жерде жарылуу болуптур деп ойлойт экенсин