"Эу, чык эшикке!" - премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чиновникти кууп чыкты





Бүгүн, 20-июнда Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты.
Орун басар өзүнүн отчётун окуп жатканда өкмөт башчы аны токтотуп, суроолорду бере баштады. Бирок тийиштүү жооп ала албаган Жээнбеков: "Чоң-Алайда жарык, таза суу, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Эгер мен азыр жумуштан айдап жиберсем, Жээнбеков мени жөн эле айдап жиберди деп айтасың.
Бул жерге келерден мурда Ошко чалып, ал жакта эмне болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсуңбу? Эмнеге өзүң чалбайсың өзүңдүн структураңа?
Чык бар! Эу, чык эшикке!" - деп ачууланып залдан кууп чыкты.
Эске салсак, жаз айларында Оштун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жаратылыш кырсыктары катталып, бир нече үйлөр жараксыз абалга келген. Өкмөт кыш айларына чейин жабыр тарткан элдин турак жай маселелерин чечип берүүсү керек.
"Эу, чык эшикке!" - премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чиновникти кууп чыкты

бирок жеенбеков эмес
Лично мен Жээнбеков тууралуу айтсам кочку, жер титироодон жабыр тарткандарды эми ойлоп жатабы?! Иштегени чын болсо ошондо эле чатыр ордуна боз уй тигип, электр энергиясы, таза суу менен камсыздаса болот эле го...
Аш-той дегенде баары табылат, акча да табылат, элге келгенде эч нерсе жок!
Атасы баласын урушкандай болдуго биринчи катту айтып алып артынан жумшак суйлоп койдунуз эмнеси болсо да сиздин кадрыныз да
бироонун башындагы чопту издегенбиз
жакшы корот экенбиз