super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ИЮНЬ: "Жаныбарлар дүйнөсүндө" телеберүүсүнүн алмашкыс алпаруучусу Николай Дроздов 80 жашка толду

 
Николай Дроздовдун жаш кези
Николай Дроздов аялы менен

Советтик жана орусиялык белгилүү зоолог, биология илимдеринин доктору, МГУнун профессору, коомдук ишмер Николай Дроздов бүгүн, 20-июнда 80 жашка толду. Ал 1937-жылы Москвада төрөлгөн. 1975-жылдан тартып белгилүү "Жаныбарлар дүйнөсүндө" аттуу телеберүүнүн алмашкыс алып баруучусу.

Николай Дроздовдун алгачкы чыныгы сүйүүсү - канаттуулар экени айтылат. Бала кездеги сүйүү жогорку окуу жайда окуп жатканга чейин уланып, кийин жыландарга өтүп кеткен. Бул тууралуу Дроздов: "Мен башкалар жакшы көрбөгөндөрдү баалайм. Бул нерсе жаныбарларга да тиешелүү", - деп билдирген.

Зоологдун мындай сүйүүсүнө жыландар да сүйүү менен жооп берип, бир нече жолу чагып алышканы маалымдалат. Бир жолу уулуу жылан чагып алып, "Ден соолук" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, доктор Елена Малышеванын жардамы менен ооруну айыктырууга мүмкүн болгонун айткан.

Зоолог аялы Татьяна Дроздова менен 2 кызды тарбиялап келишет. Кыздары да атасынын жолун жолдоп, бирөөсү географ болсо, экинчи кызы ветеринар болуп эмгектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: