super.kg logo

Бишкекте "пайда болгон" Сталин көчөсү деген жазуу тактайдан алынды

 

Бүгүн, 20-июнда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда "пайда болгон" Сталин көчөсү деген жазуу тактайдан алынды. Аны Чүй 44 дарегинде жайгашкан окуу жайдын коменданты алып салганын аты-жөнүн атагысы келбеген акча алмаштыруу жайынын кызматкери айтып берди.

Бүгүн түшкө жуук, комендант келип, биздин кожоюн менен биргеликте дубалдагы “Сталин проспектиси” деген жазууну айрып салышты. Биз имараттын ичинде отургандыктан качан, кайсы маалда, ким чаптап кеткенин да көргөн жокпуз”, - деди ал.

Ал эми бул окуя боюнча SUPER.KG’ге Свердлов райондук администрациясынын аппарат башчысы Чыңгыз Байсов чара көрүлөрүн билдирди.

Чүй кең көчөсүндөгү жазууну өзгөртүп кетишкендиги тууралуу биз интернет булактарынан эле билдик. Аймактык муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнө барышканда жазуу жок болуп чыкты. Ага чейин эле алып коюшуптур. Биздин аймакта Сталин деген аталыштагы бир да көчө жок. Жазууну ким чаптагандыгы жана мындан ары мындайларга жол бербөө үчүн сөзсүз чаралар көрүлөт”, - деди Байсов.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен үйдүн дубалындагы Чүй кеӊ көчөсү деп жазылган тактайдын үстүнө Сталин проспектиси деп белгисиз адамдар жазып кеткендиги тууралуу маалымат интернетке тараган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
20.06.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххх!!!! Эч кандай кереги жок Андай кочонун, Толтура залкарларыбыз бар ушунча озгорткунор келсе
21.06.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Путин кандайча карыздарды кечип салды тушунбой турам да Аша жер пер обещать этпедиби деги
21.06.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротторундо бийик забор устундо темир зымдар курчалган жерде тушуптур.Мумкун турмодо болушу мумкун.Башкысы аман экен шугур.
21.06.2017. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эл ушунча тантык болуп баратабыз. Адам сыяктуу оюбузду да билдире албайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: