super.kg logo
  Саясат  

Экономика министрлиги: "Казакстан Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭБге кирүү боюнча жол картасын каржылоого 100 миллион доллар берет"

 

Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча жол картасын каржылоого Казакстан 100 миллион доллар берет. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.

Абакиров билдиргендей, Казакстан жабдуу түрүндө техникалык жардам берүүнү сунуштаган. Бирок кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилгенин айтты.

Өкмөттөр аралык макулдашууларга жана протоколдорго ылайык, Казакстан тарабынан 100 миллион доллар көлөмүндө техникалык көмөк көрсөтүү каралган. Ал Кыргыз жергесиндеги бажы инфратүзүмдөрүн, лабораторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Депутаттар сырттан келчү каржылык жардамдарды күтүп отура бербей, ЕАЭБ алкагында интеграциялануу жаатындагы иш-чараларды каржылоонун ички булактарын да караштыруу керек экенин билдиришти.

Жогоруда аталган келишим боюнча ратификациялык мыйзам долбоору бардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул эки тараптуу келишим жакында эле Казакстандын парламенти тарабынан да ратификацияланган. Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: