super.kg logo

Камактагы “ата мекенчи” Райкан Төлөгөнов ачкачылык жарыялашы мүмкүн экенин айтты

 

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соту болмок. Бирок жабырлануучулардын келбегени үчүн соттук жараян 7-июлга жылдырылды.

Жактоочу Төлөгөновдун ден соолугу калыбына келгенин күтпөстөн ал УКМКнын абагына которулганын айтты. “Ден соолугу калыбына келгенге чейин Төлөгөновду ооруканада дарылоону улантуу үчүн соттук отурумду калтырууңузду сурайм. Азыр Төлөгөновдун кан басымы көтөрүлүп жатат. Ал тургай дарыгерлер толук тыянак чыгарбастан УКМКга өткөрүп берип салды. Бул анын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратып жатат. УКМК эч кандай түшүндүрмө бербестен аны ооруканадан тергөө абагына алып келди. Инсульт болуп калышы мүмкүн”, - деп эскертти жактоочу.

Андан соң Р.Төлөгөновго сөз берилди.

“Мага дарыгерлер тыянакты беришкен жок. Мага отурумдун датасын белгилебөөгө чакырат элем. Балким, мен ачкачылык жарыялашым мүмкүн. Буйрук жогорудан болуп жатат. Менин ден соолугум оор абалда, коркунучта турганда эч ким буйрук бербеши керек”, - деди Төлөгөнов.

Судья жабырлануучулардын соттук отурумга келбей калганын, Төлөгөновдун ден соолугу боюнча маселени жүйө келтирип, отурумду 7-июлга калтырды.

Буга чейин да жабырлануучу тарап келбегени үчүн жана экс-депутаттын ооруп калганына байланыштуу сот отурумдары жылдырылган.

Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча айып тагылган. Райкан Төлөгөнов 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: