super.kg logo

Орусиялык ишкер Ош шаарындагы аэропортту сатып алууга кызыкдар

 
Орусиялык ишкер, "Новапорт" холдингинин жетекчиси Роман Троценко Кыргыз өлкөсүндөгү жана Казакстандагы аэропортторду сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кароодо. Бул тууралуу Роман Троценконун RNS маалымат агенттигине берген интервьюсунда белгилүү болгон.

RNS агенттиги жазгандай, буга чейин Троценко Түркия менен Флоренциядагы аэропортторду сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.

"Иштетсе боло тургандай аэропорттор бар. Кызыктууларынын арасында - Хабаровск шаарындагы, Казакстандагы менчиктештирүүнүн жалпы программасы башталган аэропорттор бар. Орто Азиядагы, атап айтканда, Ош шаарындагы аэропорт да кызыктырат", - дейт ишкер.

Троценко орусиялык туристтер учкан аэропорттор менен гана алектенүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

"Братислава, Флоренциядагы аэропорттор, Италия-Римини каттамы кызыктырат. Түркиядагы аэропорттор да кызыктырат, бирок ал жакта өздөрү аэропорттук операторлорун активдүү даярдашат", - деген ишкер интервьюсунда.

«Новапорт» жоопкерчилиги чектелген коому - аэропортторду өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашырууга багытталган ишкана. АЕОН Корпорациясына кирет.

«Новапорт» холдингине "Чита аэропорту" ААКсы, "Челябинск авиаишканасы" ААКсы, "Томск аэропорту" ЖЧКсы, "Алтай авиациялык ишканасы" ААКсы, "Астрахань аэропорту", "Волгоград эл аралык аэропорту", Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропорту", Тюмень шаарындагы "Рощино" аэропорту", "Мурманск" аэропорту" ААКлары, Пермь шаарындагы "Большое Савино" аэропорту, Калининграддагы "Храброво" аэропорттору кирет.

Маалымат үчүн айта кетсек, Роман Викторович Троценко 46 жашта, "Роснефть" мамлекеттик ишканасынын президентинин кеңешчиси. "Forbes" журналы анын 2016-жылдагы байлыгын 750 миллион доллар деп жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(36)
21.06.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кызыкпасын , сатпайбыз!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 15:57:11
21.06.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tansuluu09,бизден сурап отурбайт экен да жогорудагылар ))
21.06.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynara81,бийлик ХХХ бир туруп туркторго бир туруп кытайга бир туруп оруска ХХХ сатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 11:35:41
22.06.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kychan.98, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
21.06.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
кечеги кечкен карызынын ордуна эле деп койгула?!
21.06.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бай атам карызды ОЗУ каалагандай жеп,толоштун ордуна бир жерди договор кылып келдида?!
21.06.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
шорун каткыр Кыргызстан сатылат айтып эле койду болду
21.06.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир чети сатып алса Ош аэропортундагы биздин чиновиктер аралашкан коррупциялык иштерге жол жабыла беле дейсин. Бир чети башка олкого сатылып кетсе дагы болбойбу деп ойлойсун
21.06.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сатылбаган ошол аэрапортеле калды эле
21.06.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Атамбай карызды кечти деп бул жактан ишти бутургон окшойт,жон эле кечип жибербегендир Путин ака
adimyrza түзөттү 2017-06-21 13:40:41
21.06.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бай атанар чон бизнестин жолун корсотуп берди да. Эгер аэропорт ким бироонун колуна отсо, аэропорт наркобизнес менен контраандалык товарларга жол ачып кызмат кыла албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Элестеткиле, Афганистандан наркотика, Гонконгдон контрабандалык электрондук товарлар Ошко самолет менен ташылып келип, бир болугу Кыргызстанда сатылып, калганы жакынкы чет олколорго жонотулчусу жонотулот жолу табылып. Кереги жок!!! ЭЛ КАРШЫ!!!
CEO түзөттү 2017-06-21 14:01:05
21.06.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу байдын пайласынан зыяны көп болду го жанды чыгарып
21.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстан Оруссиянын автономдуу бир областыле болуп калдыго эмнеге Аша бир тараптуу саясат жургузуп атат Оруссияга коз каранды кылып буттуго бизди ойгонолу Кыргыз элим бул Аша Кыргызстанды сатып буто турган болдуго Парламент да балык парламент болуп калдыго Текебаев жок
21.06.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Altyn2017,далдырабачы
21.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сатып алса жогорку денгеелде ондоп тузоп,жакшы кылып койот беле.. Мамлекет эч нерсе жасай албаса,жок дегенде эл учун шарттары жакшырат деп ойлойм
21.06.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Li-Li,эртен ар бир жургунчудон 50 же 100 доллардан пошлина кармаса, аэропорттун кызматынан пайдаланганын учун деп, сен толоп бересинби элдин баары учун?!!
CEO түзөттү 2017-06-21 14:03:00
21.06.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CEO,кайсыл дуйнонун аэропортунда ошондой пошлина толонот экен,бир мисал келтире аласызбы?
21.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Li-Li, дуйнонун дээрлик бардык аэропортторунда толонот. Мисалы сен Ош-Бишкек же Ош-Москва багытында авиабилет сатып алдын дейли, ошол билетин наркынын бир болугун аэропорттун пошлинасы тузот.
21.06.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Li-Li, Что входит в стоимость авиабилета? Первая часть цены — это тариф. Тариф — это стоимость перелета, установленная авиакомпанией. Его размер определяет авиакомпания.
Вторая часть цены за авиабилет — сборы и таксы на авиабилеты. Что это? Так называют аэропортовые сборы за наземное обслуживание воздушных судов.
21.06.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Li-Li, Вторая часть цены за авиабилет — сборы и таксы на авиабилеты. Что это? Так называют аэропортовые сборы за наземное обслуживание воздушных судов. Сюда входит плата за обслуживание самолетов и пассажиров, обеспечение безопасности и т. п. Таксы устанавливаются комиссией аэропорта. В сборы входят: топливный, страховой, сервисный (сбор за оформление билета, устанавливается авиакомпанией или ее агентом).
22.06.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CEO, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
21.06.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ысык-көл туруп турсун барып туралы оо Кудай!!!
21.06.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анан да аэропорт жеке менчик колго отсо, ар бир жургунчудон 10-20 же 50$ толоону талап кылса байкуш жургунчудор айла жок толойт да. Ош шаарынан Кудайдын куттуу куну Москванын озуно эле 3-4 самолет учуп, кайра ошончосу келип конот. Санкт-Петербург, Новосибирск, Бишкек, Стамбул ж.б.рейстер ар куну толтура. Мигранттар кыйналып жатканда ансайын алардын канын соргусу келгендер табыла берет экен да. Эгер Оштун аэропорту сатылчу болсо, эл жон карап турбайт!!!
21.06.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качанга чейин себебин билбей жашай берет экенбиз а чоңдор өздөрү билсе болду эл менен иши жок эмнеге себебин айтышпайт орусия Кыргыз өлкөсүнүн карызын кечти, НЕГЕ кечти? Кумтөрдү айтпай эле эл билет...
21.06.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
750 миллион эле долларын бар экенго е эмне дердендейсин. Кыргызстанга кызыкпай ишини кыла бергин.
21.06.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул журогум бир нерсени сезген, жон жай эле кечип жибербеши керек элеееее.Кызыкдар деп созду айландырып бир нерсе кылат ушулар!
21.06.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы эмне балекеттин башын кылтыйтып жатат бул ишкер.Бул соз жон жерден чыкпаса керек.Демек чондорубуз аэропортту сатууну коздоп жатышат.Кыргызстаныбыздын дагы кайсы жерин,кайсы кен байлыгыбызды сатып жиберишет экен деп чоочулай берип журок заада болуп буттук.Жогорудагы саткыч чон курсактар тоюшпады же жарылып олушподу.Зээнди гана кейитишет да.
21.06.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыкбай ХХХ жүрсүн.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 15:48:12
21.06.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Путин 250 млн $ карызды жондон жон кечпейтда.Орустар айтмакчы бесплатный сыр только в мышеловке бывает.ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 15:47:57
21.06.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тажатты ушул Атамбаев деген неме!!! Кыргызгазды 1 долларга орустарга карматты. Манас аэропортун да сатат сатат болуп эл нааразы болгонунан калып калган. Озбекистандын аскерлери Аксы менен Ала-Букада тез-тез "онор" корсотуп жатышат, биздин жерди ачык эле Озбекистандын территориясы деп. Баткенде да чек ара чыры Тажикистан жана Озбекистан менен токтобой келет. Эртен Атамбаев кызматтан кеткенде коншулар палан-тукун жерлерди Атамбаев саткан десе тан калып кереги жок.
21.06.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эээээ Атамбаев деп турабы бул жерде.Козунорду чонурак ачып карагылачы.Кыргыздын карызын кечтирип келсе да былжырайсынар.Атамбаев молодец
21.06.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sirgak_92,
ХХХ коп сен
ХХХ болсо ошо Аша
мындай соз болбошу керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 11:38:54
22.06.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marat-m, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
21.06.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакында кыргыз паспортун да саткыла сат сат сат барын сат .
21.06.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанды бутундой еле сатып жибергиле майдалап мине кыласынар
22.06.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сат сат сат сааааат барын сатып болгон сон аэропортко кошуп алып кыргызымды кошо сат Ысык Колду дагы сат андан башка не дейбиз шоорду элим шорго жаралыппыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: