Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын жерди мыйзамсыз сатты деп нааразы болгондор аны ташбараңга аларын айтышты





Бүгүн, 21-июнда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын тургундары жер көйгөйүн чечүүнү айтып маалымат жыйын өткөрүштү. Алар акыйкаттыкты издеп президент Алмазбек Атамбаевге жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты.
"Жер маселесин жөнгө салуу, күч түзүмдөрүн жана айыл өкмөттүн адистеринин адилет иштөөсүн камсыздоону карооңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылды кайрылууда.
Новопавловка айыл аймагынын тургуну Кыялкан Токтогонова ага берилген жерди айыл өкмөт башчысы Улан Саадалиев 10 миң долларга сатып жибергенин айтты.
"Мага Алтын-Ордо конушунан 2 гектар 15 сотых жерди 2007-жылы айыл өкмөттүн өкүлдөрү ченеп берген. Атайын чечимдери да бар. Ага карабастан учурдагы айыл өкмөт башчысы аны сатып жиберди. Бул боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылып, канааттандырарлык жооп ала албай жатабыз. Жадакалса Жогорку Кеңеш да оңдуу жооп бербей жатат", - деди Токтогонова.
Маалымат жыйынын өткөргөн тургундар айыл өкмөттүн, райондук соттун, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын айтып, сынга алышты.
"Айыл өкмөткө тактама же бир документ алууга барып, аялдардын токмогуна туш болгон учурлар да болду. Ал жерде канчалаган ызы-чуу, мушташтар катталды. Жаңжалдашуу боюнча ишти райондук сот мыйзам жолунда карабайт. Кайра элдешпейсиңерби деп күлөт. Ал эми райондук прокуратура алгылыктуу жооп бербейт. Айыл өкмөттө иштегендер "бандит" болуп кетишти. Жооптуу катчысына 3 жолу кылмыш иши козголду. Бирок дагы деле иштеп жатат. Мындан ары Улан Саадалиев кайрадан айыл өкмөт башчылыгына шайланып келсе, биз аны ташбараңга алып өкмөттүн имаратын жабабыз", - деп билдирди айыл тургуну Салкын Баева.
"Эл менен айыл өкмөттүн ортосунда ажырым пайда болду. Жер тилкелеринин жоктугунун айынан жаштар үйлөнбөй жүрөт. Сот, прокурор, өкмөт башчылардан адилеттик издебегиле. Алар акчага байланган кызматтагы адамдар", - деп нааразычылыгын билдирди "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөсү Калысбек Жолалиев.
Новопавловка айылынын жашоочулары айыл өкмөткө нааразы
Новопавловкадагы жер маселесин көтөргөн тургундар







1 |