super.kg logo
  Саясат  

Ошто дин маселеси боюнча кеңешме болуп өттү

 
Ош шаарында мамлекеттик диний жана конфессиялар аралык мамилелерди жакшыртуу боюнча кеңешме болуп өттү. Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Таабалды Орозалиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Рахматтулла ажы Эгембердиев, Ош облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары катышты.

 

Жыйындын жүрүшүндө терроризмге жана радикалдуу диний агымдарга каршы туруу, мечит имамдарын аттестациядан өткөрүү, мечиттерди расмий каттоодон өткөрүү, ислам динине жат көрүнүш болгон ысырапкерчиликти жоюу, окуучу кыздардын жоолук салынуу маселелерин бир тараптуу чечүү жана башка маселелер талкууланып, сунуш пикирлер айтылды.

 

Жыйындын соңунда муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев шариятка туура келбеген ыксыз чыгашаларды жоюу демилгесин көтөрүп, ысырапкерчиликти жоюуга кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбековго муфтияттын атынан ыраазычылык барагын жана чакан белек тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: