super.kg logo

О! мобилдик оператору меломандар үчүн «О!Музыка» жаңы порталын ишке киргизди

 

Музыка бизди бардык жерде курчап турат, жадакалса кичине балдар да ырдашат, бийлешет жана колдорун сүйүктүү мелодиясынын ыргагында кыймылдатат. Музыканы эртең менен душтан да угабыз, тамактанып жатып да угабыз, аны жумушка бара жатканда машинадан да угабыз, музыка менен түштөнөбүз, кечки тамактанабыз, биз музыка менен жашайбыз. О! мобилдик операторунан «О!Музыка» жаңы порталына жазыл жана бүткүл дүйнө бийлеп жаткан ырларды ук. Ири музыкалык коллекцияга смартфондон, планшеттен же ноутбуктан кирүү ал.

- Миңдеген музыкалык тректер!

- Алгачкы 5 күн акысыз!

- Нөл трафик!

Каталог, жанр, плейлисттер, тематикалык радио станциялар боюнча табуу оңой. Бул жерден сен жолугушуу үчүн романтикалык жыйнак, машыгуулар үчүн динамикалуу жана көңүл ачкан музыка, кечелер үчүн бийлегенге ылайыктуу драйв хиттерин жана башкаларды таба аласың. Өз плейлистиңди маанайыңа жараша түз жана музыканы чеги жок күнүнө болгону 5 сомго ук. Биринчи жолу кошулганда 5 күн акысыз аласың! *2323# (акысыз) тер, активдештирүү сыр сөзүн SMS менен ал жана music.o.kg сайтына кир. Орус же кыргыз тилин тандоо менен, порталды колдон. Коллекция анык убакыт шарттамында жаңыланып турат жана жаңы композициялар менен дайыма толукталып турат.

«20 жыл мурун керектүү дискти табыш үчүн бир нече музыка дүкөндөрүн кыдырып чыгууга туура келчү. Улуу муун сүйүктүү аткаруучунун пластинкасын табуу кандай кыйын болчу экендигин жакшы эстешсе керек. Азыр заманбап технологиялар аркылуу сүйүктүү ырды бир нече секундада таба алышат. «О!Музыка» порталынын бир платформасында бардык мыкты музыкалык хиттер жана жаңылар чогултулган», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Сүйүктүү хиттериңди «О!Музыка» жаңы порталы менен ук!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: