super.kg logo

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы: "Тургундар ташбараңга алып өмүрүмө коркунуч жаратышса, мыйзам чегинде укугумду коргойм"

 

Бүгүн, 21-июнда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын тургундары айыл өкмөт башчысына нааразычылык билдирип, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда мыйзамсыз жер сатылып жатканы туурасында сөз болуп, айыл тургундары өкмөт башчысын таш бараңга алышарын айтышкан.

Жогорудагы нааразычылыктардан улам Новопавловка айыл айыл аймагынын башчысы Улан Саадалиевге байланышка чыктык.

"Мага нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөндөр ич күйдүүлүк кылып жатышат. Алардын арасында бир убакта айылдык кеңешке депутат боло албай калышкандар бар. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жер берүүгө мораторий жарыяланып турса мен кантип жер бермек элем? Алар менден жер бересиң деп талап кылып бир нече жолу үстүмөн арыз жазышкан. Райондун акими, прокуратура жетекчиси, милициянын башчысы алмашып жаңы жетекчи келсе арыз жазып кайрылышат. Бул аялдарды райондун аймагында "арызчылдар" деп элдин баары тааныйт. Бүгүнкү күндө мен иштеген 3 жылдын ичинде жер сатылды деген бир да факт жок", - деди Саадалиев.

Анын айтымында, айыл өкмөттө жаш кадрлар кызматка алынган. Нааразы болгон тарап айыл өкмөт башчысынын үстүнөн 10дон ашуун арыз жазышкан. Мекемеде буга чейин бир да жолу мушташ болгон эмес.

"Жакында айыл өкмөт башчысын шайлоо жараяны өтөт. Айылдын эли, айылдык кеңештин депутаттары иштеп бер, алдыга койгон максаттарды ишке ашырып, көйгөйлөрдү чечүүдө бирге иштейли деп сунушташып жатат. Ошондуктан кайрадан айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигимди коюп жатам. Ал эми арыз жазып менин айыл өкмөт башчы болуума каршы чыгып, ташбараңга алабыз дегендердин аракетине жараша мыйзам чегинде укугумду коргоого аргасыз болом", - деп кошумчалады Саадалиев.

Ошондой эле 3 жолу кылмыш иши козголду деген жооптуу катчыны жумуштан ала албастыгын айтты.

"Жооптуу катчыга кылмыш иши козголгонун билбейм. Ал өз ишин так, туура аткарып жатса мен аны кантип жумуштан алам? Бизге тажрыйбалуу адис керек. Эгерде мекемеде жетекчи алмашса анда иштеген кызматкерлер өз ордунда кала бериши керек", - дейт айыл өкмөт башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге ишенишинди да билбейсин, бири-бирин жамандап озун актаган заман болду го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: