4-майда башталган мектептер арасындагы мелдеш аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Өлкөдө 4-май күнү башталган мектептер арасындагы мелдеш 16-майда соңуна чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын басма сөз кызматы билдирет. Мелдеште эң көп 146 упай топтогон Бишкек шаарынын курама командасы 1-орунду ээледи. 2-орунга 114 упай менен Ысык-Көл облусу татыктуу болсо, 3-орунду 102 упай менен Чүй облусунун окуучулары ээледи. Алдынкы орунду ээлеген командаларга акчалай сыйлык жана сертификаттар ыйгарылды. Эске салсак, мелдешке 7 облустан 9 команда катышты, жалпы 1325 окуучу спорттун 15 түрү боюнча күч сынашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.