super.kg logo

Черногориянын ханбийкесине эмне үчүн Алтынай деген ысым берилгени айтылды

 
Ханбийке Алтынай
Антон Мартынов

Черногориянын ханбийкесине залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестиндеги баш каарман Алтынайдын ысымы ыйгарылган. Бул тууралуу ханбийкенин жолдошу Антон Мартынов "Русвестник" басылмасына билдирди.

Анын айтымында, 1968-жылдары аталган өлкөнүн ханзаадасы Никола Париждеги кинотеатрлардын биринде досу менен "Биринчи мугалим" тасмасын көрүп, абдан таасирленип чыгышат. Андан соӊ ким биринчи кыздуу болсо, ага тасмадагы баш каармандын ысымын ыйгарууну антташат.

"Тасманын аягында жаш Алтынай сүйүктүү мугалимин таштап, бөтөн шаарга окууга кетип жатканына көз жашын төгүп, поездге отурат. Мугалими кызды узатып жатып, "Жолуң шыдыр болсун, Алтынай! Сен Чыгыштын биринчи эркин айымы болосуӊ!" дейт эмеспи. Бул сөздөргө таасирленген достор ким биринчи кыздуу болсо, ошол каармандын ысымын коёбуз деп бири-бирине ант беришет. Арадан 10 жыл өткөн соӊ кайнатам сөзүнө туруп, кызын Алтынай деп атайт", - деп билдирген Мартынов.

Мартынов аялы өз ысымы менен сыймыктанарын кошумчалаган.

"Мен бир аз түрк тилин билгендиктен бул атты угарым менен оюмда "Алтын ай" деп которо койдум. Бул ысым ага абдан жарашат эле. Кийин эмне үчүн Алтынай деп аталганын билдим".

Жергиликтүү элдин өзгөчө диалектинен ханбийкени Алтинай деп атап калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
21.06.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сонун, мллодцы!Ч.Айтматовдун арбагы ыраазы болсун.
21.06.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ч.Айтматов атабыздын салмактуу чыгармалары бүт дүйнө эбегейсиз чоң тамшануу менен көз салат.Эл атасы Ч.Айтматовтун элесине таазим!!!
21.06.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баракелде Чынгыз атабыз Кыргыздын чыныгы сыймыгы
21.06.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыңгыз Айтматов сизге чооооң рахмат дегим келет бирок,арабызда жоксуз. Аллахым бейиштен жай берсин. Күнөөлөрүңүздү аллах кечирсин.
21.06.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алтынайдын настроениеси жок го...
21.06.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жанылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: