super.kg logo

Адвокат: "Шаардык сот Садыр Жапаровго жактоочулары жок чечим чыгарып, аны камакта калтырды"

 

Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун жактоочулары жок экендигине карабай шаардык соттогу нөөмөттө турган жактоочунун катышуусунда отурум өткөргөн. Анын жүрүшүндө Биринчи Май райондук сотунун Жапаровду тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Мен Бишкек шаардык сотуна эки күн мурун 21-июнь күнү карала турган сотко келе албай турганымды айтып, сотту башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн жазгам. Себеби менин ошол күнгө башка соттук ишим белгиленип калган болчу. Мен өтүнүч жазган соң башка 4 жактооочу да сотту башка күнгө жылдырат деп келишкен эмес эле. Бирок ага карабай шаардык соттон өздөрүнүн нөөмөттөгү жактоочулары менен ишти карашыптыр. Ал жактоочу өзүнө тааныш эмес ишке кантип катышты билбейм”, - деди Токтосунов.

Ал эми Жапаровдун сотуна коомдук жактоочу болуп катышып жаткан Азиза Абдирасулова: “Биз Токтосуновдун сотту башка күнгө жылдыруу боюнча өтүнүчүн эске алып, бүгүнкү сотко барган эмеспиз. Эми мында өзүнүн жактоочулары жок эле башканы катыштырып карап койгону ачык эле саясий буйрукту шашылып аткарып жаткандыгын далилдеп коюшту”, - деди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.06.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Что за ..... а???
21.06.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай акмакчылык кантип ушундай болсун сотторго элде ишеним калбады эч болбосо адвакаттарына башка кунго жылбайт деп кабарлап койсо болбойбу Садыр Жапаров акталып чыгып шайлоого катышыш керек!
Begmat1992 түзөттү 2017-06-21 21:02:28
21.06.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындай сотторду камоо керек оздорун! Кызматына кыянаттык кылган ким болсо да жазасы абак!!!
22.06.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текебаевди Жапаровду ж.б оппозициядагыларды шайлоого чейин тазалаш керек деген белги десек да болот экен да
22.06.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайлоого чейин чыгышабы экен Текебаев менен Жапаров
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: