super.kg logo
  Спорт  

Конфедерациялар Кубогу: Криштиану Роналду баштаган Португалия курамасы Орусияны 1:0 эсеби менен утту

 

Футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунун 2-турунда “А” тайпасында үй ээси Орусия курамасы Португалия менен беттешип, 1:0 эсеби менен утулуп калды.

Бул оюн Москва шаарында “Открытие Арена” стадионунда өттү. Жалгыз гол 8-мүнөттө болду: Португалиянын курамасынын лидери Криштиану Роналду топту башы менен Игорь Акинфеевдин дарбазасына жөнөтө алды. Экинчи таймда Орусия эсепти теңөөгө жана алдыга чыгууга бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон.

Бул оюндан кийин Португалия 4 упайга ээ болуп, "А" тайпасында 2-орунга чыкты. Мексика Жаңы Зеландия менен ойноп, 2:1 эсебинде утту. Орусия эки турдун жыйынтыгында 3 упайга ээ болуп, 3-орунда жайгашты. Буга чейин ал Жаңы Зеландияны 2:0 эсеби менен жеңген.

24-июнда Португалия - Жаңы Зеландия, Орусия-Мексика оюндары болот.

Конфедерациялар Кубогу 17-июнда старт алып, финалы 2-июлда өтөт. Оюндар Москва, Казань, Сочи жана Санкт-Петербург шаарларында өтүүдө.






Конфедерациялар Кубогу: Россия-Португалия (2-тур)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.06.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Utaru belgilu da
22.06.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалдар текего теке
22.06.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мексиканы женип группадан чыгуусун каалайм Россия алга !!
22.06.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Виллиам кюКарвалю, Седрик Суарез жакшы ойноду
23.06.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалия росия тайпадан чыгуусун калайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: