Саламаттыкты сактоо министрлиги кутурма оорусу боюнча депутаттын берген маалыматын четке какты
Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖКнын депутатынын билдирүүсүн четке кагып, акыркы 2 жылда республикада адамдар арасында кутурма оорусунун 3 учуру катталгандыгын билдирет. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Баткен облусунда 2 кутурма оорусун жугузуу, ал эми 2012-жылы Ош облусунда кутурма оорусун жуктуруп алган 1 учур катталган. “Бүгүн, 16-майда парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Назарали Арипов келтирген 2011-жылы кутурманы 27, 2012-жылы 28 адам жуктурган деген маалымат чындыкка жатпайт”, - деп тактайт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

