super.kg logo

Индияда 50 жыл бутунан чынжыр менен байланып, кордолгон пил эркиндикке чыгарылды

 

Индияда жаныбарларды коргоочулар 50 жылдык өмүрүн чынжыр менен байланып өткөргөн 75 жаштагы пилди эркиндикке чыгарды. Чет элдик маалымат каражаттары пил бул жылдар аралыгында көп кыйноолорду көргөндүгүн жазат.

"Төрт бутунан тең чынжыр менен байланган пил өтө оор абалга кептелген. Пилдин аты Гейджардж - (Gajraj) "падыша" же "чоң бала" дегенди түшүндүрөт. Махаратшедеги индуисттик храмда кулчулукта болгон. Чынжырга байланып турган буттары жара болуп, көзү көрбөй калган", - деп жазылат маалыматта.

Ал жердеги адамдар аны кордоп турушкан, пил аларга зыян келтирбеши үчүн тиштерин, азууларын өгөөлөп салышкан.

"Бул жылдар аралыгында канча оору, кыйноо, кордоого туш болгонун жалгыз гана пил билет. Анын көрбөй калган көздөрүнөн чыккан жаш абдан көп азап тартканын билдирип турду. Пилди эркиндикке чыгаруу оңой болгон жок, адегенде жаныбардын кожоюну каршылык көрсөттү, жергиликтүү жашоочулар да анын таламын талашкан. Акырында жаныбарларды коргоочулар пилди алып кетүү аракетин ишке ашырышкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.06.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кааап,аябай боорум ооруду бечара пилге
22.06.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаныбарды мынчалык эмнеге кордоду экен 50 жыл. Байкуш.
22.06.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
адамдар жырткычтан да жаман.
22.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым бизди кечирээр бекен?

22.06.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш пил,боштондука чыкканы жакшы болуптур, анчалык эмне кордошту жаныбарды, жаныбарларга да аяр мамиле кылып кордобош керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: