super.kg logo

30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп Дастан Догоев дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Бүгүн түшкө жуук SUPER.KG'ге анын кызматка дайындалганын өздүк булак кабарлаган эле.

30 жаштагы Догоев 2012-жылдын май айынан 2014-жылдын июнь айына чейин Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-систем" башкармалыгында эмгектенген. 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
Аталган кызматтын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев 15-июнда өз арызы менен кызматтан бошотулган болчу.

Эске салсак, Сарпашевдин кызматтан кетүүсүнө Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетиши себеп болгон. Бирок Сарпашев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келүүдө. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жаранды туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылган. Кийин УКМК курамында кылмыштын белгилери жок деп бул кылмыш ишин токтоткон. Сарпашев февраль айында кызматтан убактылуу бошотулган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуту деген графаны бетине чыгарып койсун биринчи талап. Дайындалса жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: