super.kg logo

Орусиялыктардын 63 пайызы СССР союздаштарынын жардамысыз фашисттик Германияны жеңмек деген пикирде

 

Орусия Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны союздаштарынын жардамысыз жеңе алмак. Мындай пикирин "Левада-центр" иликтөө ишканасы жүргүзгөн сурамжылоого жооп берген орусиялыктардын үчтөн эки бөлүгү билдирген. Изилдөө жүргүзгөн ишканага шилтеме берүү менен "Интерфакс" басылмасы сурамжылоого тартылгандардын 63 пайызы ушул ойду айтканын жазат.

Ушул жылдын 19-22-июнь күндөрү Орусиянын 48 аймагында жашаган 18 жаштан жогорку 1600 жашоочуга сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкандардын 28 пайызы жеңишти багындырууда СССРдин союздаштарынын ролу чоң болгонун билдиришкен болсо, 9 пайызы так жооп бере алган эмес.

"СССР миллиондогон жашоочуларын жоготкон. Буга эмне себеп?" - деген суроого сурамжылоого тартылгандардын:

36 пайызы - "Германия күтүүсүздөн кол салган, ошондуктан СССР миллиондогон жашоочуларын жоготкон".

24 пайызы - "Германиянын аскердик-техникалык артыкчылыгы себеп болгон"

12 пайызы - "СССРдин жетекчилигинин туура эмес жол көрсөтүүсүнөн улам"

10 пайызы - "Аскерлерге берилген буйруктун так эместигинен", - деп жооп беришкен.

Маалымат үчүн айта кетсек, Экинчи дүйнөлүк согуш - дүйнөнүн тарыхындагы эң ири окуя катары жазылып калды. Согушка дүйнөдөгү 61 мамлекет, тактап айтканда, жер жүзүндөгү мамлекеттердин 80 пайызы тартылган. СССРдин фашисттик Германия, милитаристтик Япония менен кармашуусу дээрлик 40 мамлекеттин аймагында жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жүргөн жылдары кармашуунун кесепетинен ар кандай себептер менен СССР 27 миллионго жакын адамын жоготкон.

Ал эми Кыргыз жеринен кан майданга 365 миң жоокер аттанган. 150 миңден ашыгы курман болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
22.06.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
СССРдин аймагындагылар барбаса азыр Орустар кул болуп журмок. Согуш эч качан болбосунчу.
22.06.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми эшек ылайдан откондон кийин ошентишет да, Мисалы неге орус эли башка СНГ мамлекеттерине караганда согуш ардагерлери коп себеби, согуш кезде биздин ата-бабаларды алдына салып оздорунукун артка салып (жургон деген да кептерди укканымды айтып атам бул менин жеке оюм) конечно озубуз деле женмекпиз дешет да.
22.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
agent0072609,Кичине тарыхты окууп анан жазсан.СССРдин союздаштары ал кезде Улуу Британия жана АКШ болгон.Ошолордун жардамызыс деп жатышат.
23.06.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
agent0072609,АКШ менен Британия жок болсонор дагы жениш СССР тарапта эле бирок кичине убакыт жана жоготуулар талап кылынмак.
22.06.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Озу орустар жене алмак эмес эч качан
22.06.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
СССРдин союздаштары деп АКШ менен Британияны айтып жатат. Союздаштар жардамга келбегенде согуш 1 же бир жаарым жылга узармак жана көбүрөөк солдаттарыбыз курман болмок.
22.06.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
basyz-kaman,Ошону айтсаныз!! Тушунуп тушунбой эле туура эмес кабыл ала беребиз. Тобо!
22.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIZAD,Акш болбогондо жене алмак эме
22.06.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
basyz-kaman, акылдуу адамдар да бар экен бул сайтта)) а то кээде ойлонуп кетем жалан ХХХ жургондор отурат деп))
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-23 12:01:29
23.06.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
salfego,Бул жерде Бакиевтин кандай тиешеси бар,өзүң түшүндүңбү эмне деп жазганыңды,бул жерде экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу сөз болуп атат,эми тоогуңар жумуртка туубай калса да Бакиевти күнөөлөй бергиле
22.06.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чон атамын иниси согуш жонундо кинолорду коруп , " ал маалда эн горячий точкаларга бизге окшогондорду жонотот эле орустар, туну кайтарчуулукада бизди тургузушчу, киносунда оздорунле мактай беришиптир, атангору" дедиле.
22.06.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бокту жептир ошол орустар. Биздин ата бабаларыбыз болбосо орустар жеңе албайт болчу. Орустарга эстетип коюш керек немистер москвага 40 км калганын, ошондо панфиловчулар чоң эрдик кылып, немистерди жолотпогонун.
22.06.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми иш отту айта беришке.Дагы 30-40жылдан кийин биз болбосок ачтан олуп жоголмоксунар деши толук мумкун.Себеби алган карызды командасы менен жеп алып,дагы бироо мултимилионермин деп бир жеринен опкудой болуп журот Азыркы куну.
22.06.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kenjebek_a, кошулам оюна
22.06.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балени жептир колунан эч демке келбейт болчу азыр Кул болуп журмок,Эшеги ылайдан отконда Эми .
23.06.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы орус жаштары ссср эмес россия женди деп мактанышат экен немистерди, соц сеть аркылу сөгө берип чарчабадымго не россия а ссср деп жазгыла деп алар ойлошот экен жалан орустар катышкан деп согушка эгер англия амерлер курал жарактан орто азия тамак аштанжана аскери менен жардам бербегенде уктап жаткан орустарды эчак эле жайлап коюшмак немистер 7млн дон ашык аскери менен эгер адашпасам....
barsa30 түзөттү 2017-06-23 00:08:04
23.06.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ орустар москвага болгону 30км калган жетишине союздаштары болбогондо 3 4жылдале алып коймок
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-23 11:24:41
24.06.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар кинолорун корсон сссрди жалан орустар деп айттырышат явный эле айтып жаттпайбы биз депчи убакыт отуп орус женген эле болуп калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: