super.kg logo

Финляндиянын экс-президенти "үйү жок адамга айланды"

 
Тарья Халонен
Халонен дипломатиялык кызматтагы жетекчилер менен

Финляндиянын экс-президенти Тарья Халонен "үйү жок калган адамга айланды". Тагыраагы ал үй-жайы жок калган кайырчынын образын жаратты. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июнда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта саясатчы Куткаруу армиясы уюштурган жакырчылык менен күрөшүү кайрымдуулук иш-чаранын алкагында мындай кадамга барган. Экс-президент 20 мүнөттөй эски, кир кийим кийип, жер өтмөктүн тепкичинде кайырчынын образын жаратып, атайын фотосессияга катышкан. Иш-чаранын максаты - ар бир адамга оор күндөр күтүүсүз келерин жана мындай кайгыга жарандарды көңүл кош болбоого чакырык жасоо болгон.

"Ал образга жана кырдаалга берилүү менен кире алды. Муну менен ал өз ишинин чыныгы чебери экенин көрсөттү. Кыска убакытта биз керектүү кадрларды тартып алууга жетиштик", - деп билдирген фотограф.

Тарья Халонен 2000-жылы Финляндиянын президенти кызматына келип, 2012-жылга чейин президенттик кызматта отурган. Кызматтан бошогон соӊ социалдык долбоорлорго активдүү катыша баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.06.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат экен! Бизде де чоңдор барбы экен эл көйгөйүн ойлогон.
22.06.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элдер (анда да Раис, обл.катчылар) Волга менен жургондо , "бироолор" Мерседесте чалкалап жургон...

Курсагы ток кишинин курсагы ач киши менен эмне иши бар демекчи, бийликке жеткен байлар менен мультимиллионерлердин карапайым эл менен иши болчу беле...

Ал тургай 200-300мин мекендеш мигранттарыбыз жургон Москвада да студенттер менен элчилик кызматкерлерине учураптыр, ошончо мигранттын 10-20сына учурууго духу жетпей...
22.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек болсо бир саат базарга барып тачка (араба) тартып көрүшсүн чоңдор. кайырчынын эмес
23.06.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл аралап баардык жерди көуп айылда эки уч кундоп туруп элдин жашоосу менен тааныша прездентке талапкер болгондо эле антип мйем минтем деп элди алдабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: