super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчынын "бюджет пустой" деген сөзүн депутаттар сынга алышты

 
Жогорку Кеңештеги Парламенттик азчылык коалициясынын бүгүнкү жыйынында депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин иш-аракеттерин сынга алышты. Депутат Курманбек Осмонов премьер-министрдин мамлекеттин бюджети каралып жаткан учурда өлкөнү кыдырып жүрүшү туура эмес экенин, иш сапарларынын жыйынтыгы жок болуп жатканын айтса, "республикачы" Кенжебек Бокоев анын "бюджет пустой" деген сөзү элди коркутуп койгонун белгиледи. "Өкмөт башчы эмнеге "бюджет пустой" деген сөздү айтып жатат? Салыктар чогулуп, пландар аткарылып жатканы айтылып жатса, ал неге элдин үрөйүн учурат?" деп суроо салды депутат. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев мындай сөз казынада резервдик запастын жоктугунан айтылып жатканын билдирди.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: