super.kg logo
  Саясат  

Эркин Сакебаев: “Азиз Батукаевге коюлган диагноздун тактыгын изилдеген эки медициналык комиссия бир чечимге келе албай жатышат”

 

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевге коюлган диагноздун тактыгын изилдеген эки медициналык комиссия бир чечимге келе албай жатышат”,- деди бүгүн, 16-майда Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин изилдөөчү депутаттык комиссиянын мүчөсү Эркин Сакебаев.  Айтымында, көз карандысыз эксперттер чыгарган бир чечимде Батукаевдин ден-соолугу жакшы болгон.  Ал эми башка эксперттердин чечими боюнча ал ак кан илдети менен ооруйт. “Депутаттык комиссиянын чечимин пленардык жыйынга алып чыкканда 2 эксперттик топту тең чакырабыз. Калганын депутаттар чечишет. Биз эки тараптын тең чечимдерин уктук”,- деди ал. Ошондой эле комиссиянын чечиминде Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевди, вице-премьер-министр Шамиль Атахановду жумушунан бошотуу каралган. “Менимче, бул маселеде ар бир кадам сайын мыйзам бузуу болгон. Аида Салянова Азиз Батукаев мыйзам чегинде бошотулган деп эрте айтып алды көрүнөт”,- деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: