Жыл башынан бери өлкөдөгү 3,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Бүгүн, 22-июнда Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов жыл башынан бери министрликтин аткарган жумуштарын айтып берди. Министрдин маалыматына ылайык, 5 ай аралыгында өлкө аймагындагы 3,7 чакырым жолго асфальт, 9 чакырым жолго шагыл төшөлгөн.
“Алар Чүй облусунан Токмок-Шамшы-Туюк, Ысык-Көл облусунан Каракол-Раздольное, Шаты-Талды-Суу, Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад-Казарман, Ош облусунан ПАД-Будалык, Жаңы-Арык-Кызыл-Суу автожолдоруна шагыл жана асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. Мындан сырткары Маданият-Майлы-Суу унаажолунун 13,5 чакырымына 1 көпүрө курулду”, - деди министр.
Ал алдыда жасалчу иштер дагы көп экенин белгиледи.
Эске салсак, Калилов буга чейинки маалымат жыйында бул жылы өлкө боюнча 280 чакырым жол салынарын убадалаган. Жол чарба департаментинин жалпы бюджети 2017-жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарын эсептөө менен 3 миллиард 749 миллион 500 миң сомду түзгөн.








1 |