"Балам, сен кеткенден кийин баса албай калдым" деп ыйлайт жалгыз уулун издеген 92 жаштагы карыя
5 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн жалгыз уулун издеген, Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл өкмөтүндө жашаган 92 жаштагы карыянын видеосу интернетке тарады. Анда ден соолугу начарлап, алдан, күчтөн тайып калганын айткан ата 50 жашка чыгып калган уулунун кайрылып келишин чыдамсыздык менен күтүүдө.
"Балам Орусияга барып иштеп бир жолу акча салды. Кийин такыр телефон албай да калды. Кайгырып жүрүп баса албай да калдым. Мен баламды сагындым. Келсе маңдайынан сылап бир арманымды төксөм дейм. Казакстанда кой кайтарып жүрөт деп угуп жатабыз. Бирок жалган-чынын өзүбүз да билбейбиз", - дейт 92 жаштагы Садык Мадумаров.
Кылым жашына таяп калганда күтүүнүн азаптуу жылдарын башынан кечирип жаткан Садык атанын жашоо шарты да өтө оор. Акыркы 5 жылда жол карап уулун күткөн атанын көзү көрбөй калып, жакында эле көзүнө операция жасатканга аргасыз болгон. Азыр атанын бир аз көрүүсү жакшырган. Уулу кеткенден көп өтпөй, карыя күчтөн тайып, баса албай калган. Мындан улам ал уулун издеп тийиштүү мекемелерге барып кайрылууга алы келбей жүрөт.
92 жаштагы Садык Мадумаровду учурда кыздарынын үй-бүлөлүү балдары карап жатат. Ал эми анын дайынсыз болуп жаткан 50 жаштагы уулу Кушбак Мадумаровдун үй-бүлө очогу бузулганына көп болуптур. Анын учурда Орусияда эмгектенип жүргөн кызы атасын издеп "Жди Меня" телеберүүсүнө да кайрылган. Бирок жыйынтык болгон эмес.
92 жаштагы Садык Мадумаров уулун табууга коомчулуктан жардам күтөт. Учурда бул видео интернетте кызуу талкууларды жаратып, тарап жатат.
92 жаштагы карыя ыйлап, уулун күтүп келет
90 жаштагы карыя уулун күтүп, жүрөгү эзилет






1 |