super.kg logo

Британиялык чиновниктердин электрондук даректерин орус хакерлери сатып жаткандыгы тууралуу маалымат тарады

 

Британиядагы “The Times” басылмасы британиялык чиновниктердин социалдык тармактардагы баракчаларын бузууга жана логиндер менен сыр сөзүн алмаштырууга кудурети жеткен орусиялык сайт табылганын жазып чыкты. Анда 1000ден ашуун парламент мүчөлөрүнүн, 7000 полиция жана Тышкы иштер министрлигинин 1000 кызматкеринин электрондук даректерин сатып алууга мүмкүн экендиги айтылган.

Мындан улам Британиянын Кибер коопсуздук боюнча улуттук борбору териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эгер бул кабар чындап такталса, маалыматтарды сактоо боюнча мамлекеттик уюмдун жетекчиси иштен алынары айтылды.

Кошумчалай кетсек, бул батыш өлкөсүнүн орус хакерлерине койгон алгачкы дооматы эмес. Буга чейин аларды “АКШнын президенттик шайлоосунун жүрүшүнө да залакасын тийгизүүгө аракет кылышкан” деп айыпташкан. Ал гана эмес, ушул жылдын 21-июнунда Британиянын түз эфирдеги жаңылыктар көрсөтүүсү учурунда үн берүүчү техниканын иштебей калуусун да орус хакерлеринен шектенишкен.

Хакер – англис тилинен которгондо "бузуу", "жаратпоо" дегенди түшүндүрөт. Термин интернеттеги бирөөнүн маалыматын уурдаган же бузган адамдарга карата айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
23.06.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарына Бакиев күнөлүү дегендей эле шылтоо экен да эми
23.06.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусиянын алдында Британияга Караганда биз ото эле алсызбыз!биздин шайлоого хакерлер чабуул жасабайт деп Ким кепилдик берет???
23.06.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун да Путин биздин шайлоого тузжон туз тиешеси бар! Бекеринен карыздан кечип жаткан жери жок! Казакстанга окшоп союздан чыгуунун жолун кылыш керек! Эмне учун бардык балекет кыргызстанды жаман корсотуп жатат? Биздин аскерлерди да сирияга жонотууго каршы чыгыш керек бул кыргыздын буткону... бул эн окунучтуу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: