Казакстан өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшкөн эмес

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов
Кыргыз Республикасына жана Казакстанга өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сунуш берилгенин, учурда эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 22-июнда жарыя кылган. Кыргыз Республикасы бул сунушка азырынча эч кандай жооп кайтара элек. Бирок Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов маселеге жооп кылганын мекеменин маалымат кызматы билдирди. Анын айтымында, Казакстан өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшкөн эмес.
"Казакстан Сирияга өз аскерлерин жиберүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан жок. Бирок Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча кызыкдар тараптарга жолугушуу үчүн Казакстан аянтча түзүп бере алат. Ал эми Сирияда төрт деэскалация аймагын түзүү боюнча жана башка маселелер 3-4-июлда Астанада каралат", - деди ал.

Сирияда орус аскерлери аябай коп олуп атышат,ошого пешка катары биздикилерди жонотушот
Карызды кечпей эле кой,аскерлерибизди бере албайбыз деп айтканга духу жетпептир бироонун