Кыргыз өлкөсүндө эреже бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү сунушталды
Кыргыз өлкөсүндө эреже бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү керек. Мындай сунушту бүгүн, 23-июнда “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикменин өкүлү Галина Давлетбаева билдирди.
Анын айтымында, Казакстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып, 11 айда өзүн-өзү актаган. “Бир мисал келтирейин. Бишкектен Таласка каттаган айдоочу Казакстан аркылуу каттайт. Кыргыз мамлекетинин аймагында жол эрежесин бузуп катуу ылдамдыкта айдап, Казакстандын аймагында жай ылдамдыкта айдаптыр. Жүргүнчү эмнеге жай айдап баратканын сураса, ал Казакстанда жол эрежесин бузгандар чоң көлөмдө айып пул төлөй турганын айтыптыр. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүндө айып пулдун көлөмүн көбөйтүү керек”, - деди Давлетбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Жол кырсыктары болбошу учун ГАИ тармагындагы коррупцияны жою керек, айдоочулук куболук алуу учун теориялык жана практикалык экзамен тапшырууну киргизуу керек. Анан мас абалындагы айдоочуларды 1-2 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу керек.
Штрафтарды просто которуп кою менен маселе чечилбейт!