Чүйдө 4 гектар жерде өсүп турган кара куурай өрттөлдү
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 4 гектар жерде өсүп турган жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында Сокулук районунун аймагында 4 гектар жерде өскөн кара куурай табылган. Баары жыйналып, кийин 10 тоннадай кара куурай өрттөлгөн. Ошондой эле аталган маалыматта дагы мындай рейддик иш-чаралар Чүй облусунун аймагында өткөрүлөрү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:11
2026-02-25
20:57
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















