super.kg logo
  Саясат  

Ош. Ооруканада жаткан Чоң-Алай районунун акимин митингчилер токмоктогон эмес

 
16-майда Чоң-Алай районунда кытайлар иштеткен "Кайди" ишканасына байланыштуу митинг болуп, анда "чогулган жергиликтүү тургундар акимди токмоктоп салган" деген маалыматтар тараган. Бирок райондук кеңештин төрагасы бул маалыматты четке какты. Анын айтуусунда, учурда райондо саясий абал тынч.

 

"Бүгүн митинг болгон жок. Жергиликтүү кеңештин кошмо жыйыны өттү. Аким иштен кеткен жок, ордунда эле иштеп жатат, азыр ооруканада. Кан басымы калыбында болбогондугу үчүн жатат. "Митингге чыккандар токмоктоду" деген сөз жалган. Ким токмоктомок эле? Ошондой кабар тарап кетиптир. Элдер келди, топтолуп туруп кетип калды. Азыр саясий кырдаал тынч. Митингге “Кайди” деген алтын иштетүүчү компания бар, ошол ишмердүүлүгүн токтотсун деп чыгышкан. Көтөрүлүп чыккан эл кошмо жыйынга келип катышып отурушту”, - дейт Молдобасанов.

 

Ошондой эле жыйында бир жылдык план бекитилип, кытайлык компаниялардын мыйзамсыз иштерин токтотсун деген токтом кабыл алынган. Жалпысынан 150дөн ашык адам жыйынга катышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: