super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү мүмкүндүгү боюнча КСДПнын депутаттары пикирин айтышты

 

Интернетте Сирияга Кыргыз менен Казакстандан аскер жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу маалымат талкууланууда. Бул боюнча КСДП фракциясынын депутаттары Рыскелди Момбековдон жана Төрөбай Зулпукаровдон сурадык.

Рыскелди Момбеков: "Биринчи кандай максатта, кандай негизде жөнөтүү боюнча сөз болуп жатканын билишибиз керек. Мен негизи эле Кыргыз аскерлеринин башка мамлекеттин кызыкчылыгын коргоосуна каршымын. Эл аралык келишимдер буга жол берген түрдө дагы Кыргыздын аскерлери Кыргыз мамлекетинин гана кызыкчылыгын коргош керек. Башка мамлекеттикин эмес. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун же башка уюмдардын мүчөсү катары бизге ушундай сунуш келген болсо, согушабы, тынчтыкты корбойбу, чек араны кайтарабы максаты эмне экенин карап көрүү зарыл", - деп билдирди.

Төрөбай Зулпукаров бул боюнча Кыргыз Республикасына сунуш келбегенин айтты.

"Бир кишинин сөзүн, ой-пикирин дүрбөлөң кылып көтөрүштүн кереги жок. Сирияга Кыргыз аскерлерин жөнөтүү боюнча азыр эки мамлекеттин ортосунда карала элек да. Жок нерсени талкуулаган өзү кызыктай, туура эмес болуп калат. Эки мамлекеттик кызматтагы кишилер бул боюнча сөз кылгандан кийин талкуулаш керек. Бирөө минтип айтыптыр деген ушак сөз чыгарып жатабыз. Бул дүрбөлөң ушак сөзгө мамлекетте мыйзам чыгаруу органында иштеген киши үчүн комментарий берүүнүн өзү уят. Комментарийим жок деп койсоңор болот. Расмий түрдө көрүп туруп ой-пикир айтуу депутат, мамлекет кызматкери катары туура болот. Мындай нерсеге маалымат каражаттары көңүл бурбай коюусу зарыл", - дейт Зулпукаров.

Айта кетсек, "Орусия Кыргызга жана Казакстанга аскерлерди Сирияга жөнөтүүнү сунуштады" деп орусиялык басылмалар Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып жазып чыгышкан.






 
 Кыстарылган аудио 

Депутат Зулпукаровдун Сирияга аскер жөнөтүү боюнча пикири

Депутат Момбековдун Сирияга аскер жөнөтүү боюнча пикири

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: