Москвада газга ууланып каза болгон Кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталды

Орусиянын Москва шаарында канализациядан чыккан газга ууланып каза болгон эки Кыргыз жаранынын өздүгү аныкталды. Элчиликтин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, каза болгон эки жаран Ош облусунун 1978-жылы туулган Сирожидин Мадимаров жана 1967-жылы туулган Мустафа Акматов аттуу тургундары болуп чыкты. Учурда элчилик алардын жансыз денелерин өз мекенине жиберүү үчүн тийиштүү документтер менен алектенүүдө.
Окуя кечээ, 22-июнда Москва шаарынын батыш тарабындагы Кунцево районундагы Боженко көчөсүндө болгон. Анда жумушчулар үйдүн алдындагы канализациядагы ыплас сууну сордуруп жатышып, 6 жумушчу метан - газ абалындагы аралашмага ууланышкан. Андан 5 адам каза таап, бир адам ооруканага жиберилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча алар техникалык коопсуздукту сакташкан эмес.

Арбак урган аша