Лондондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгына бузук муздаткыч себеп болгон







14-июнда катталган Лондондогу өрттүн келип чыгышына бузук, оңдолбогон муздаткыч себеп болгон. Мындай маалыматты жергиликтүү полиция BBC News басылмасына билдирди. Буга чейин аталган имаратка атайын өрт коюлушу мүмкүн деген божомолдор чындыкка жатпайт. Мындан тышкары көп кабаттуу үйдүн курулуш материалдары коопсуздук талаптарына жооп бербей тургандыгын полиция тастыктаган.
Полициянын айтуусунда азыр имаратты куруп, колдонууга берген компаниялардын үстүнөн текшерүүлөр жүрүп жатат. Иликтөө иштери бүткөн соң окуяга кырсык деген баа берилип, тиешелүү адамдарга атайылап жасалбаган кылмыш иши катары айып тагылышы мүмкүн. Жергиликтүү бийликтин акыркы маалыматтарына ылайык көп кабаттуу үйдөн каза болгондордун саны 79га жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
Jeka1996vip

24.06.2017. 21:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулап калбаганы жакшы экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.