Тажикстанда күйөөсү менен кайнисине уу берип өлтүргөн деп шектелген аял кармалды

Тажикстандын Турдишох Пянджск районунда 37 жаштагы аял күйөөсү менен кайнисин ууландырып өлтүргөн деп шектелип колго түштү. Бул тууралуу 23-июнда Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымат булактарына кабарлаган. Шектелип кармалган аял өз көрсөтмөсүндө каза тапкандарды эмнеге жана кандай жол менен ууландырганын айтып берген.
Белгилүү болгондой, шектүү 43 жаштагы күйөөсүнө турмушка чыккан күндөн тартып, жолдошун жана анын туугандарын, айылдаштарын жек көрүү менен жашап келгенин айткан.
2014-жылдын июнь айында күйөөсүнүн түшкү тамагына деп даярдаган курутоб аттуу улуттук тамакка, курт-кумурскадан арылтуучу уулуу затты кошуп берген. Талаачылык иштеринен кайтып келген күйөөсү жана аны менен бирге келген айылдаштары, иниси, анын балдары болуп шектүү тарабынан жасалган тамакты чогуу ичишкен. Мындан соң күйөөсүнүн 39 жаштагы иниси, анын 34 жаштагы келинчеги, алардын 9,6 жана 4 жаштагы балдары, жана айылдашы делген 3 адам болуп, жалпы 8 адам ооруканага жеткирилишкен.
Келиндин күйөөсү менен кайниси ооруканадан каза болгон. Шектүү аял муну менен эле токтоп калган эмес. Ошол жылдын эле сентябрь айында нанга жууруп жаткан камырына мурда кошуп жүргөн уусунан аралаштырып нан жасап, каза тапкан күйөөсүнүн башка үй-бүлө мүчөлөрүнө да берген. Нанды жегенден кийин 3 үй-бүлө мүчөсү жана 4 жашар кыз ууланып ооруканага түшкөн. Ооруканадан 4 жашар кыз каза болуп калган. Каза тапкан адамдар үчүн аза күтүү күнүндө шектүү аял дагы 20 даана токочко уу аралаштырып бышырып, элге берген. Жыйынтыгында 7 айылдашы дагы ууланып Курган-Төбө аттуу шаардык ооруканага түшүшкөн.
Болуп өткөн окуяларга шектелип кармалган аялдын үстүнөн Тажикстан Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексиндеги тийиштүү беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө деп маалымдайт министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(13)
Seryi-Kardinal

24.06.2017. 19:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күйөөсү өлгөндө эле шектенишпеппи. Аларда экспертиза деген нерсе жок бекен
TalaCSKA

24.06.2017. 20:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
маньяк убийца аял экенда .андайлар адамдардын кыйналып олуп жатканын коруп ырахат алышат .кудай сакта
Aidar.001

24.06.2017. 20:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Койнунда жатып билинбейт, аялдан откон душман жок"деген ушул экен да!
bars_wire

24.06.2017. 23:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Aidar.001,ээ де аялдар бир иш жасаса тим эле макалдап чыгасынар.кундо канча аялзаты эринин.балдарынын курсагын тойгузам деп иштеп.анысы аз келгенсип тепки жеп жургондорун коз жумду кыласынар.Откондордун жаткан жери жайлуу болсун.аял эмне учун мынчалыкка барганы бир озуно жана АЛЛАга маалым.
Izdeim_seni.

25.06.2017. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bars_wire,туура эркектер кандай ырайымсыз иштерди жасашат. Алар жонундо жазса,кунаажын козун сузбосо дешип мазакташат
Izdeim_seni. түзөттү 2017-06-25 14:31:18
Leilek-razzakov

24.06.2017. 20:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психикалык жактан ооруса керекта.
aiperi9779

24.06.2017. 21:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай адамдан кудай сактасын тообо кылдым коркпой ушул жолго барыптыр кудайга эмне деп жооп берет экен бул аял
tynkatar03

24.06.2017. 22:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул куйоосун эле эмес бир айылдын баарын эле тынчытайын деген го.
Beka1986

24.06.2017. 23:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне себеп болушу мумкун бул кадамга барышына? Куйоосунго мейли уй-булодогу чыр-чатак деп тушунолу,а айылдаштарда эмне айып?
daniel87

25.06.2017. 03:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психикалык жактан нормалдуу эмес аял (оорукчан )ОЗУ жасаган ишине жооп бере албайт
meerim2017

25.06.2017. 05:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан жаш Балдарда эмне куноо
tatynam_88

25.06.2017. 08:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун,кайнисин олтуруп тим болбой дагы аракетин токтотпосо анык эле оорукчан экен.тообо
Ajar812

26.06.2017. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырып салыптырго бардвгын шумдук.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.