super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев КСДПнын атынан президенттикке талапкер тууралуу пикирин билдирди

 

Бүгүн, 24-июнда Орусиянын Казань шаарында президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, КСДП партиясынын атынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирин билдирди.

"Мен Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааныйм, парламентте аны менен депутат болгом. Башында эле биз 70 депутаттын 29унан "Реформа" фракциясын түзгөнбүз. Фракциябыз ал кездеги президентке абдан жакчу эмес. Сооронбай Жээнбеков менин орун басарым болгон, 20 жылдан ашуун убакыт мен аны таза, ак ниеттүү адам катары билем", - деди Атамбаев.

"Сооронбай Жээнбеков өлкө үчүн жакшы тандоо болмок. КСДП аны курултайында колдойт деп толук ишенем. Менин оюмча, ал өлкөдөгү таза, ачык коомду түзүү боюнча ишти уланта алат", - деген оюн айтты президент.

Айта кетсек, май айында Бишкекте КСДПнын саясий кеӊешинин жыйыны өтүп, анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого КСДПдан талапкер катары Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөн. Ал эми партиянын курултайы 15-июлда өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: