super.kg logo

Үпөл Анаркулова: "Мени КСДПдан эмес "Ата Мекен" фракциясынан депутат коркуткан болсо эчак эле жоопко тартылмак"

 

КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы 10 эркекке салып берем деп коркутуп, мазактагандан кийин Анаркулова эл өкүлүнүн жоругуна чара көрүшү үчүн бир катар бийлик өкүлдөрүнүн атына кат жазган эле. Ошол эле кат жазган күнү, 12-майда Башкы прокуратурага да арыз таштаган. Бирок ал жактан да журналистке эч кандай жооп келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда журналист SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен арызды таштагандан 4 күндөн кийин Башкы прокуратурадан мага байланышып "Ошондо сизди зордукташтыбы", - деп сурашты. Мен "Жок, ошондой коркутуулар болду", - десем "Биз арызыңызды окуп жатканбыз, кийин байланышабыз", - деп койгон. Ошол бойдон кабар жок", - дейт Анаркулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек.

"Мусабекова фракциянын жыйынына 4-5 жолу келбей койду. Акыры 15-июнда келип "мен Нарынды кыдырып, элдин үнүн угуп келдим", - деп айтыптыр. Ага чейин фракция лидери Өмүркүлов Мусабекова ооруп, жыйынга келбегенин айтып жүрбөдү беле. Эгер Мусабекованын ордуна башка партиядан депутат ушундай жорукту жасаган болсо, мисалы, "Ата Мекенден" депутат Н.Никитенко же А.Салянова азыр темир тор артында болмок. Бул жерде мыйзам бардык фракциялар үчүн бирдей иштебей жатканын көрүүгө болот", - дейт журналист.

Ошондой эле ал жакында парламент каникулга тарай турганын айтып, фракция өкүлдөрү бул маселени унуткаруу аракетин көрүп жатат деген оюн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(30)
24.06.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Туура, мыйзам баарыбызга бирдей эместигин ушундан улам билсе болот, прокурордун звоногуна кулкун келет, же куудул прокурор окшойт, прокурордун суроосу эмес го !!!
24.06.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
RusMos76, куудулдук таланты болушу мумкун
24.06.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев дагы шайлогоо барат!
24.06.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Туура айтат, бийлик бугун Ата-Мекенчи депутаттардын жарымына кылмыш иши ачты, болбогон шылтоолор менен. Эгер жогорудагы журналистти Ата-Мекендин депутаты коркутканда бир жума тынбай КТР, ЭлТРден корсотуп, партияга асылып, ошол депутатка эбак кылмыш иши козголуп бугун соту болуп жаткан болоор эле...

Иса Омуркулов менен Чыныбай Турсунбеков Мусабекованын ишин атайылап создуктуруп келет, анткени эртен каникулга тарашат, куздо шайлоо деп бул нерсе унутулат, алардын максаты ошол!
24.06.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Атамбаев наоборот ушундай денгээли томон, кылган кылыктары акылга сыйбаган фракциясындагы депутатын жоопко тартып тиешелуу жазасын бердирип койсо жонокой журналисттин укугун коргоп адилеттуу карап аткан болмок, Омуркулову баш болуп ото пас адамдар экен, оздорун барктарын кетирип элдин ишенимин жоготуп атышат партиясына болгон.
24.06.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-65
Эй сени он эркеке салып берем дептирго тынч болсончу он эркеке салып берип койбосун.

Атамбаев көп жаша. Мамлекетти дагы 20 жыл башкар!

Текебаев Жапаровдорду турмодон чыгарба!
24.06.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+49
-Dybala-,Сойкулар денесин сатып арам тамак менен жан багат. Бийликтин арзыматтары намысын сатып бийликтин жугундусу менен жан багат.

Сага айтаарым, бай атан менен Мусабекова апжен учоон элди коркутпай эле кой, керек болсо учоонду кармап алып кок эшекке тетири мингизип Кытайга кууп жиберууго кучубуз жетет!!!
24.06.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-59
CEO,Кучунор жетпейт!
Атамбаевге вапщеле.

Атамбаев коп жаша!
24.06.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
CEO,))))ооозду да биртике кармай билгилечи суйлой бербей биз качанкыга чейин жапайычылык заманда жашайбыз кууйбуз алабыз жутабыз деп еле пейилди ондойлу !журналист менен депутат озунчо чечишип алат !аз калды шайлоого татыктууну тандайлы келип шайлоого катышкыла !акчага сатылбай жерлигине карабай татыктууну тандайлы !бизге ечтеке жакпайт негизи кийин деле коросунор жаны президент келсе деле ушу тас кейпибизде суйлоп отура беребиз!
24.06.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
ukmuw-ukmuw, макул биз жапайычылыкта жашайт экенбиз, ошондо сенин бай атан, анын кызы, анын СДПК партиясындагы Мискебаев, Момбеков, Кожобеков, Карамушкина, Мусабековалар "маданияттуубу" ошондо?!!

Оздору чечишип алат эмес, прокуратура, президенттик аппарат, СДПК партиясы тарбияга чакыра албай отурат го Мусабекованарды! Качан 10 эркекке салып берип зордуктатканга чейин унчукпай тура бериш керек экен да ээ?!!

Бай атанарга кеткиче кызмат кылып калалы деп жатасынар
24.06.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
-Dybala-, карасан муну
24.06.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мусабекова СДПКга акча откоруп дкпутаттык креслону сатып алган, ошол себептуу аны ордунан алууга СДПКнын алы келбей жатат. Эми ордунан алышы мумкун, только крайнем случаи ордунан алып акчасын толоп берип кутулушат бул катындан...

Ал эми буудайга кошумча нарк салыгын да Турсунбеков менен Торобаев атайылап жарым жылдан бери суруп сессияда которуп чыгууга бут тосуп келишет. Куздо шайлоо болот. Ошону менен дагы бир жылга калат, тигилердин коздогону да ошол, салыктан качуу!!!
24.06.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
СДПК партиясы Кудайдан корксо эртен жайкы каникулга кетээрден алдын Мусабекованы мандаттан ажыратып, ага кылмыш иши ачылып сотко ашырылышы керек.

Ал эми ошол каникулга чейин буудайга кошумча нарк салыгын киргизип, Турсунбеков менен Торобаев 650 миллион сом салыкты казынага толоп коюшсун. Салыктан качкан ун магнаттарына эл ишенип добуш береби же ошол 650 миллион сомду элдин добушун сатып алуу учун жумшашабы?!!
24.06.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Койчу башчысы Исасы негизи СДПКнын депутаттары дагы ......Булардын баарын ..... Керек.
24.06.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Прокуратура Текебаев, Жапаров, Саляновалардын ишинен бошобой атышат бир жылдан бери,бирок шайлоодон кийин аларданда бир мынча айып пул алып уй камагына чыгарышса керек, салты ошондой алардын
24.06.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бизде мыйзам карапайым калкка кана иштейт
24.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бардык КР сырттан коз салып турса керек .эл билетко СДПК ны
24.06.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элдин шоруна башчыбыз калыс болбой атпайбы
24.06.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу Кыргыз элим президенттик шайлоодо , татытуусун тандайлы кийин окунгудой болбой , ушунча чыдаганыбыз азбы
24.06.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул "депутат"аял жазасын бул дуйнодон албаса тиги дуйнодон созсуз алат. Упол бекем болунуз. Ушунча келгенден кийин таштап койбой до конца барыныз.
24.06.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусабекова Бийликтин колокусуно жамынган адам да. Бир карын майды, бир кумалак иритет дегендей жон эле озун Кудай сезип алган да. Корбогондун коргону курусун. Байкуш Атамбайып не кылсын и так карызга акча сурап журот биздин казанда эт кайнасын деп. А Мусабекова Упол менен жон эле келишип койсо болмок. Синдим кечирип кой жиним кайнап кетти депчи. Кыскасы Упол сен тазасын аксын. Мусабекова деле таза бир бутумго келишкиле.
25.06.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79, сенин байкуш бай атан элдин казаны кайнасын деп куйуп-бышып журобу же оз казанынын камындабы?! Карыз алып келип эптемей жол-копуро курдурат, ага болунду болгон акчанын жарымы бийликтин "сол чонтогуно" кетип. Карыз алып маараке, той-тамаша откорот, анда да миллиондорду жымырып алат. Тынар айтмакчы кредит алып уйлонуп, акчаны чачып, тойдун эртеси чонтогундо 1 сом акчасы жок, папирос тутотуп отурган куйоо баладай бийлик, анан кайра карыз алат, бийлик толомок беле, эл толойт да!
CEO түзөттү 2017-06-25 00:37:47
24.06.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Президенттик шайлоодо СДПКнын талапкерин такыр шайлабаш керек.Болбосо дагы бир срокто бул тойбогондор элди жок кылып кул кылат.Бул партиянын аялы кылган кылыгын эле карагыла.Сотторун,армиясын,медигин,билим берууминистрлиги ,коопсуздук кызматкерлери койчу баары кудайдан жоо качса да мейли эле андан да жаман немелер (адамдар)дегенде тил бурулбайт.Ар кандай партиядан куулуп же качып чогулган принциби жок немелер.Кайра бийлике келишсе анда Кыргызстан жоголду деп тушунсо болот.Кудай бар булар келбейт
24.06.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул депутат айымдын иштеген иши депутаттыкка чейинки,сөгүнгөнүндөй эле майын чыгара иштечү..аны сөз кылган бирөө жок..Үпөл кылганына жараша жооп алды болгону...а бул жагы шантаж экени сокурга да көрүнүп турат,газета АКШдан жем жеген Равшандын атасыныкы,а ЭЖЕ болсо Равшанды түндө тургузсаң,шилекей чачыратып жамандачу сдпкадан..негизи азыркы аялзаты,соц тармакта эле сөздүн гүлүн терип жазбасаңар,турмушта баарыңар эле мындан жаман сөгүнөсүңөр..мисал:аялымдын жинине тийип көрсөңөр,анан көрөсүңөр))))
25.06.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо башкы прокуратурадагылар зордуктагыча куто туралы деген болуп калабы?
25.06.2017. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menimche zorduktap je olturup koiso anan karashsa kerek, azyryncha bul masele karalbait.
25.06.2017. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Упол карындашым озундун атынды аябай пиар кылып алдын колунан келген ишти кылып калеминди курчута берчи Жылдызга калп эле асыла бербей. Атын чыкпаса жер ортто болбой
25.06.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан гана зордуктап кеткенден кийин камаш керек бекен.Биздин соттор сот эмес эле бийликтин кулу болуп барататго
26.06.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүнкү күндүн журналистинин маеги жана деңгээли ушул. Сөз жок. ММКларды төртүнчү бийлик деп коюшат, алардын мүчөлөрүн көрүштүн да кереги жок, өзүлөрүнүн статусун жана ролун билишпейт, көчө адамдарынан айырмасы жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: